Кыргызстан малдын кооптуу инфекцияларынан коргонуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүдөЖурналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазалануудаЭнергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздүОш шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталууда
Ысык-Көлдө лыжа базасын куруу үчүн “Кыргыз Куршевелге” 1624 га жер берилет
16.08.2024 | 14:51
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында “Үч чоку” тоо-лыжа комплексин куруу үчүн “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына 1624,26 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилет. Өкмөттүн тиешелүү токтому 2-августта чыккан.
Аталган жер трансформацияланып, андан кийин ишканага берилет. Учурда 1624,26 гектар жердин 294,6 гектары жайыт болсо, 1329,66 гектары Токой фондунун жери болуп саналат.
Өкмөттүн токтому расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом