Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекиттиБишкекте Reporter.kg маалымат агенттигинин колдоосу менен «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» сыйлыгынын лауреаттары сыйландыБишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылдыКР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси алмашып, министрлик кызматка талапкер аныкталдыМыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалды
Ысык-Көлдө “Мурас” ат чабыш турнири жана белгилүү ырчылар катышкан концерт өтөт
21.07.2025 | 14:19
26-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда “Мурас” ат чабыш турнири өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Турнирде улуттук ат оюндары, таймаштар, тарыхый маданиятты чагылдырган этно-дефилелер жана шоу-программалар уюштурулат.
Иш-чара саат 15:30да, ал эми концерттик бөлүк саат 18:00дө башталат.
Концертте белгилүү ырчылар: Гүлжигит Калыков, Омар, Малика-Дина, Ахти, Нурчолпон, Иса Өмүркулов, Ислам Сатаров, Элера Кабылжан кызы, Самат Уланбеков ырдайт. Ошондой эле белгилүү этнодизайнер Асель Калканова жетектеген «Аталар Изи» тобунун өзгөчө этно-шоусу өтөт.
Иш-чарага кирүү акысыз, орундар чектелүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом