Бишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдүКыргызстандын бийлиги кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салууну сунуштоодоЧолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталдыТоктогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катыштыСокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда
Ысык-Көлдө нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен үйлөрдү сел каптады
14.07.2022 | 09:26
Кечээ, 13-июлда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн Бурма-Суу айылында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен чогулган сел каналдарга батпай, турак үйлөрдүн королорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жерине Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, мотопомпа жана башка атайын шаймандар менен сууларды сордуруп тазалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле Челпек айыл өкмөтүнөн 1 даана МТЗ-82 экскаватору тартылып, каналдардын жээктерин бекемделип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом