Ысык-Көлдө өрүк баа болбой, жерге төгүлүп жатат, — тургундар

Ысык-Көлдө өрүк баа болбой, жерге төгүлүп жатат, — тургундар

Ысык-Көл облусунда быйыл өрүктүн баасы эки эсе арзандап, алган адамдар жок болууда. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну Жоомарт Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар өрүгүн сата албай жатышат.

“Быйыл бизде өрүк баа болбой, азыр килограммы 15 сомго түшүп калды. Алгач баасы 35 сомдон башталган. Былтыр 1 килограмм өрүк 70 сомдон сатылган, быйыл баасы эки эсе арзан болууда. Алармандар сорттоп, тандап отуруп, калганы көчөлөрдө төгүлүп жатат. Элге да, өрүктөргө да убал болду”, — дейт тургун.

Ошондой эле, ал өрүк негизинен Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарында көп өстүрүлөрүн, дыйкандардын алды 10 гектар жерге өрүктүн түрүн эгишерин белгиледи.

“Элдин негизги киреше булагы өрүк да. Сезон башталганда бир эле айылдан күнүнө 110-120 фура чыгып кетчү. Азыр күнүнө бирден дагы чыкпай жатат. Алармандар жок. Ар бир үй-бүлөгө жашиктерди саналуу гана берип жатат. Эл өрүктөрдү өткөрө албай убара”, —  деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өрүк

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>