Талас облусунда ЖРТдан жогорку балл алган 63 бүтүрүүчү 50 миң сомдон алыштыЖайкы тамак-ашка уулануулар: Кыргызстанда анын алдын алуу чаралары эскертилдиКыргызстанда заманбап тазалоочу курулмалардын пилоттук долбоорлору ишке киргизилиши мүмкүнТүндүк – Түштүк альтернативдүү жолундагы «Көк-Арт» төлөм алуу түйүнү ишке кирдиЫрчы Бонни Тайлер дүйнөдөн кайттыДастан Бекешев Бишкектеги мурдагы май куюучу жайдын ордундагы курулуштун мыйзамдуулугунан күмөн санады
Иммунолог COVID-19дун жаңы толкуну келе жатканын эскертти
23.07.2022 | 12:27
Медицина илимдеринин доктору, иммунолог-дарыгер, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча адис Владислав Жемчугов Россияда COVID-19дун жаңы толкуну келе жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эксперт коронавирустун жаңы толкунун пандемиянын “куйругу” деп атады.
“Жаңы толкун келе жатат деп айтсак болот, бирок ал мурункудай коркунучтуу эмес. Эгерде статистиканы карасаңар өлүм болгон учурлар катталбай эле. Жаңы толкунду мен эпидемиянын “куйругу” дейт элем. Анткени бул толкун COVID-19 инфекциясынын мурунку коркунучтуу түрлөрүн сүрүп чыгарат деген ойдомун”, – деди Владислав Жемчугов.
Ошондой эле, ал имараттын ичинде беткап кийүү жана карантин сыяктуу чектелөөрдү киргизүүнүн кажети жок экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом