Ысык-Көлдө пирстин үстүнө курулган мончолор буздурулду
Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы “Марко-Поло” эс алуу жайындагы пирстин үстүнө курулган мончолор ээси тарабынан буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, буздуруу иштери “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга ылайык жана Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде ишке ашырылды.
Буга чейин Ысык-Көл региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыйтыярдуу түрдө демонтаж иштерин жүргүзүү боюнча эскертме берилген.
[image_carousel source=”media: 211431,211432,211433,211434″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз