Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарган милиционер сыйланды

Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарган милиционер сыйланды

Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан өспүрүмдү куткарып калган милиция кызматкери Ринат Токоев «Каармандык» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз билдирди.

Ага медалды облустук милиция башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков тапшырып, ызаарычылык билдирген.

Эскерте кетсек, аталган окуя 21-июнда болгон. 14 жаштагы өспүрүм Каракол шаардык пляжында сууга түшүп жатып, бир убакта чөгө баштаган. Ошол учурда пляж жакта кайгуулда жүргөн улук лейтенант Ринат Токоев чөгүп жаткан баланы көрүп калып, дароо жардамга чуркаган. Ал баланын жанына сүзүп барып, аны суудан алып чыгып, куткарып калган.

Улук лейтенант Ринат Токоев ички иштер органдарында 12 жылдан ашык иштеп, 2019-жылдан бери туристтик-экологиялык милицияда кызмат өтөп келет.

Ысык-Көлдө милиционер сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>