Ысык-Көлдө желим баштык-идиштерди колдонгондор жана саткандар айыпка жыгылат

Ысык-Көлдө желим баштык-идиштерди колдонгондор жана саткандар айыпка жыгылат

Ысык-Көлдө желим баштыктарды жана идиштерди колдонгондорго жана саткандарга айып салына баштайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Министрлик 1-марттан тарта Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөр кирип, анда көл жээгинде, сейил бактарда, ден соолукту чыңдоочу, эс алуу аймактарында желим баштык жана идиштерди сатып, колдонгондорго айып салуу каралганын белгилейт. Бул иш-аракет Ысык-Көлдүн табиятын коргоо, эс алуу аймактарынын тазалыгын сактоо үчүн жасалганын билдирет.

Мыйзам бузган жарандар менен юридикалык жактарга алгач эскертүү берилет. Ал жосун жыл ичинде кайталанса, жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салынат.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдө 2023-жылдын 1-июлунан тарта дүкөндөрдө желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>