Ысык-Көлдө жол кырсыктан 1 киши каза болуп, 8 адам жабыркады
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1-октябрда катталган жол кырсыкта 1 киши каза болуп, 8 адам жабыркады. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, К.Ш. аттуу айдоочу “Хонда Степвагон” унаасы менен Барскоон айылынан Каракол шаарына бара жаткан. Желе-Дөбө айылына жеткенде унаанын оң дөңгөлөгү жарылып кетип, ал жолдон чыгып, ала салып кеткен. Анын кесепетинен 9 киши жабыркап, жабыркагандардын бири ооруканада көз жумган.
Жол кырсыгынан жабыркагандар:
1) Барскоон айылынын тургуну, 59 жаштагы К.У. (аял киши);
2) Барскоон айылынын тургуну, 46 жаштагы Г.К. (аял киши);
3) Барскоон айылынын жашоочусу, 8 жаштагы Б.К. (эркек бала);
4) Семеновка айылынын тургуну, 7 жаштагы Э.К. (кыш киши);
5) Семеновка айылынын жашоочусу, 33 жаштагы А.А. (аял киши);
6) Саруу айлынын тургуну, 24 жаштагы М. кызы А.
Аталган жарандар Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган:
7) Барскоон айылынын жашоочусу, 46 жаштагы Ө.С. (эркек киши);
8) Дархан айылынын тургуну, 24 жаштагы А.А. (аял киши).
Аталган эки жаран денелеринен алган жеңил жаракаттары менен ооруканага көрүнүп кетишкен.
Ошондой эле Саруу айылынын 39 жаштагы Н.Б. аттуу тургуну Ысык-Көл облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.
[image_carousel source=”media: 157938,157937″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз