Ысык-Көлдө жырткыч 332 баш майда малды жара тартып кетти

17.06.2025 | 12:38

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чым-Там жайлоосунда 332 баш кой-эчкини жырткыч жара тартып кетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, малга кайсы жапайы жырткыч кол салганы белгисиз. Малдардын өлүгү ветеринардык-санитардык талапка ылайык Ветеринардык кызматтын адистеринин көзөмөлү астында өрттөлүп, жок кылынды.

Министрлик Чым-Там жайлоосу Барскоон айылынан 150 чакырым алыстыкта жайгашканын кошумчалады.

Scroll to Top