Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан казакстандыктар каза тапты

02.08.2022 | 20:21

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 29,3-чакырымында болгон жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалым болгондой, 2-август күнү саат 15:20да Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда жол кырсыгы болгондугу тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери жана шаардык милициянын кайгуул-күзөт кызматынын инспектору барган.

Жол кырсыктын кесепетинен “Опель” унаасынын эки жүргүнчүсү — 1982-жылы туулган И.Т. жана 1966-жылы туулган И.Г., ошол жерден каза болгон. Айдоочу, ошондой эле 2001-жылы туулган Э.у.Н., аттуу жүргүнчү Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Маалыматтарга караганда, каза болгондор Казакстандын жарандары.

Бул факты Ысык-Көл РИИБде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында жүрөктүн үшүн алган кырсык болгону кабарланган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Ысык-Көл: Тору-Айгырда жүрөк үшүн алган жол кырсык болду

Scroll to Top