Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 14 адам жабыркап, экөө каза болду
Ысык-Көлдө жол кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, 14 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 5-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 4-июлда саат 19:30дар чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 27-чакырымында катталып, “Honda Odyssey” жана “Toyota Estima” үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагышкан.
Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктан 2015-жылы туулган М.Д. жана 1953-жылы туулган А.Ж. аттуу эки адам каза болгон.
[image_carousel source=”media: 142383,142384,142385″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]