Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 14 адам жабыркап, экөө каза болду

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан 14 адам жабыркап, экөө каза болду

Ысык-Көлдө жол кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, 14 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 5-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 4-июлда саат 19:30дар чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 27-чакырымында ​катталып, “Honda Odyssey” жана “Toyota Estima” үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагышкан.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктан 2015-жылы туулган М.Д. жана 1953-жылы туулган А.Ж. аттуу эки адам каза болгон.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>