Кыргызстанда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт

Кыргызстанда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт

Кыргызстанда 21-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 4-июлда мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жолугушууга карата даярдык иштерин жана анын күн тартибин талкуулады. Билдирүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алганы белгиленген.

Жапаров мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын айтып, «өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган» аракеттердин аркасы менен Каракалпакстандагы кырдаал жөнгө салынып, андан ары курчушуна жол берилбегенин белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформанын жыйынтыгы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болоруна ишенимин билдирди», – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

4-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыкта 18 киши өлүп, дагы 243 киши жарадар болгонун, алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери экенин билдирген. Маалыматка караганда, учурда жүздөгөн киши ооруканада жатат, айрымдары оор абалда.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болгон. Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген «суверендүү республика» деп мүнөздөлгөн. Анын суверенитетин Өзбекстан коргой турганы жазылган. Жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмө алынып салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>