Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз төрт күндөн бери табыла элек

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз төрт күндөн бери табыла элек

Ысык-көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кыз төрт күндөн бери табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылынын ортосунда саат 15:00 чамасында 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, ӨКМдин райондук бөлүктөрүнүн ыкчам топторунун куткаруучулары издөө иштерине чыгышкан.

Жоголгон күндөн тартып жерине Ысык-Көл райондук, Балыкчы шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүктөрүнүн куткаруучулары жана суучулдар тартылууда. Ошондой эле райондук ИИБ кызматкерлери да куткаруучулар менен биргеликте жергиликтүү тургундар, туугандары издөө иштерине чыгып жатышат.

Ал эми бүгүн, 21-июлда жергиликтүү тургундар менен биргеликте Каракол, Балыкчы шаарларынын ӨКМ бөлүктөрүнүн суучулдары жана куткаруучулары көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө чыгышты.

Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>