Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үч тараптан издөөгө киришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июль күнү Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кызды издөө ишинин бүгүн 11-күнү.
Тилекке каршы издөө ишинен натыйжа боло элек.
«Бүгүн эртең менен саат 08:00 тарта наристени издөө иши башталып, анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 3 топко бөлүнүштү.
Биринчи топто Балыкчы шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, Тоң районунун Шор-Булак айылынан Балыкчы шаарыны чейинки аралыкта издөө иштерин жүргүзүүдө. Экинчи топко Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, райондун Шор-Булак айылынан Бөкөнбаев айылына чейинки аралыкты, Үчүнчү багытта Ысык-Көл райондук ӨКБнөн 2 куткаруучу тартылып, Чолпон-Ата шаарынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкта издөө иштерин жүргүзүп жаткан учур. Жалпы 10 куткаруучу, 2 АСМ авто анаасы жана 3 моторлуу кайык менен издөө иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, окуя 18-июль күнү Ысык-Көл районунуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда орун алып, анда көлдө түшүп жүргөн желим баллондо отурган 4 жаштагы наристени ата-энесинин көз алдында эле көлдүн толкуну алып кеткен. Белгилей кетсек көлдүн бул жээгиндеги тилкесине эл түшпөйт.