Кыргызстанда ЖККУнун атайын күчтөрүнүн машыгуусу өтөт

Кыргызстанда ЖККУнун атайын күчтөрүнүн машыгуусу өтөт

Кыргызстанда 2-5-август күндөрү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун атайын багыттагы күчтөрүнүн «Кобальт-2022» аталышындагы машыгуусу өтөт. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.

ЖККУнун атайын күчтөрү террористтик топ, куралдуу кылмыштуу топторду жок кылуу, баңгизат каналдарын бөгөттөө, маңзат өндүрүлгөн лабораторияларды табуу жана жок кылуу боюнча машыгууларды өткөрөт. Ал эми уюмга мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин бөлүмдөрү террористтерге каршы операциянын кесепеттерин жоюу иштерин аткарат.

Окуу-машыгуулардын соңунда катышуучулар арасында ок атуу боюнча мелдеш уюштурулат.

Эскерте кетсек, Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге 1992-жылы кол коюлган. ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>