Бишкектин тургуну үйүнө 4 тонна таштанды чогултуп алган

Бишкектин тургуну үйүнө 4 тонна таштанды чогултуп алган

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарынын тургунунун үйүнүн короосун көп жылдан бери чогулган 4 тонна таштандыдан тазалады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үйдүн ээси бир нече жылдан бери короосуна таштанды чогултуп жүрө берген. Бул маселе боюнча анын кошуналары райондук акимчиликке арызданып келген.

Үйдүн короосу таштандыдан тазалангандан кийин, үй ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык талаптарды бузууга болбостугу эскертилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>