Ысык-Көл районунда сууга чөгүп кетти делген кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Ой айлында жайгашкан “Илим” пансионатында 2002-жылы туулган О.Ф. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, саат 16:05те аталган кыз көл жээгинде аман эсен жүргөн жеринен табышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда