Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы спирт заводуна барды

Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы спирт заводуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы ишкананы көрүп чыгып, жабдуулардын абалы жана өндүрүш көлөмүн кеңейтүү пландары тууралуу маалыматты укту.

Акылбек Жапаров ишкананын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып, жабдууну тапшырды.

«Лабораториянын иши кынтыксыз болушу керек, анын «Люкс» классындагы продукциясынын сапаты боюнча чыгарган корутундусунан эч ким кынтык таппагандай болууга тийиш», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Жапаров мамлекеттик ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялоо менен толук өндүрүш цикли бар заманбап заводду негиздөөнү тапшырды. Атап айтканда, бардык аймакка асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү жана башка тапшырмалар берилди.

Андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилерине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошол эле учурда уникалдуу адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары заводдун продукциясын келечекте чет өлкөгө экспорттоо маселелери талкууланды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>