Ысык-Көлгө унаасы менен кирген жаран изделүүдө

14.04.2025 | 10:48

Социалдык тармактарда унаа менен Ысык-Көлгө кирген жарандын видеосу тарады.

Маалыматтарга караганда, видео Чырпыкты айылында тартылган.

Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочу изделип жатканын маалымдады.

Ага ылайык, “видеодогу унаа менен айдоочусу изделүүдө, тийиштүү чара көрүлөт»,— деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top