Ереванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылды
Быйыл автобустар катышкан жол кырсыктары көп катталды
14.04.2025 | 10:52
Жыл башынан бери Бишкекте муниципалдык автобустар катышкан жол кырсыктарынын саны өскөн. Кырсыктар 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 15% га көбөйгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1-январдан 31-мартка чейин “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын карамагындагы 158 автобус жол кырсыкка учураган.
Ошондой эле автобус айдоочулар тарабынан жол эрежелерин бузуу фактылары да көбөйгөн. Мындан улам автобус айдоочуларына түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом