Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Кыргызстан АКШ менен мамилесин чыңдоого кызыкдар
14.12.2023 | 10:23
Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Эки өлкө келерки жылы экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндө бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Лесли Вигери бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Американын ортосундагы кызматташтык келишими 2017-жылы жокко чыгарылган. Эки өлкө аны кайра кабыл ала элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат