Төрөлүү азайды. 2 баладан ашык үй-бүлөлөрдү колдоо сунушталды

Төрөлүү азайды. 2 баладан ашык үй-бүлөлөрдү колдоо сунушталды

Кыргызстанда 2022-жылы сүйүнчү пул алгандардын саны 12,9 пайызга, 131 миң ымыркайга азайды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева билдирди.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып төрөлүү 5,14 пайызга азайганын белгилейт.

«Өлүм көбөйүп, төрөлүү азайды. 2023-жылы күнүнө 505 жарык дүйнөгө келсе, 220 адамдын көзү өттү. Күнүнө 75 адам миграция кетип жатат», — дейт депутат.

Эл өкүлү өлкөнүн демографиялык абалына көңүл бөлүүгө чакырат.

«2025-жылдын январь айынан тарта 3 баладан тарта стимулдаштырууну баштасак. Биз «Алтын бала» программасын иштеп чыктык. Мыйзам долбоор жаздык. Ар бир балага болбосо дагы, үй-бүлөдө үчүнчү болуп төрөлгөн балага колдоо көрсөтсөк», — дейт Камила Талиева.

Депутат үй-бүлөлөргө колдоону бир нече этап менен ишке ашырууну сунуштайт. 2026-жылдан тарта бийик толуу, өзгөчө статусу бар чек арадагы айылдардын 3 жашка чейинки балдарга үй-бүлөнүн социалдык абалына карабай жөлөк пул төлөөнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>