4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды
Үзүр Жусупбеков Олимпиада оюндарынын коло байгесин утту (видео)
08.08.2024 | 01:05
Грек-рим балбаны Үзүр Жусупбеков (97 кг) Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгесин утту.
Коло үчүн ал египеттик Мохамед Али Габр менен күрөштү. Кармаш 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, акыркы упайды Жусупбеков алгандыктан, ал жеңишке жетти. Бирок беттештен кийин египеттик тарап кармаштын соңунда эреже бузуу болду деп челленж ыргытып, видеокайталоо сурады. Калыстар видеокайталоону карап чыгып, эреже бузуу тапкан жок. Мындан улам Жусупбековго дагы 1 упай берилди.
Ошентип Үзүр Жусупбеков алгач ирет Олимпиаданын медалына кол жеткизди.