«Кыргызстан — ШКУнун чет жакасы эмес, башкы түйүнү»: Эксперт саммит жана Түштүк Азияга чыгуу жолдору тууралууУлуттук банк ыкчам төлөм системасын түзүүнү сунуштоодо — долбоор коомдук талкуудаКөчмөндөр оюндары: көкпар боюнча биринчи күндүн жыйынтыгы чыктыКытай экономикалык үстөмдүктөн коопсуздук маселелерине активдүү катышууга өтүүдө«Браво, Кыргызстан!»: Көчмөндөр оюндарынын ачылышы тууралуу социалдык тармактарда эмнелерди жазып жатышатМинистрлер кабинетинин төрагасы Кырчында «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасын ачты
Олимпиада: Бүгүн үч кыргызстандык спортчу таймашка чыгат
08.08.2024 | 09:10
Бүгүн, 8-августта Париждеги Олимпиада оюндарында үч кыргызстандык спортчу таймашка чыгат.
Биринчи болуп саат 15:00до грек-рим балбаны Амантур Исмаилов көңүл жубатуу беттеште күрөшөт. Анын атаандашы сербиялык Мате Немеш болот. Эгер бул кармашты жеңсе, Исмаилов коло үчүн күрөшөт.
Ошондой эле саат 15:30дан кийин эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу (57 кг) килемге чыгат. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында казакстандык Мейрамбек Картбай менен күч сынашат.
Андан тышкары боксчу Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) жарым финалдык беттешин өткөрөт. Ал болгариялык Хавьер Ибаньес Диаз менен таймашка түшөт. Беттеш 9-августка караган түнү саат 01:20да башталат.