Зардалыда 7 бала башталгыч мектепке барат. Аларга ысык тамак берилбейт, китептери жетишсиз

Зардалыда 7 бала башталгыч мектепке барат. Аларга ысык тамак берилбейт, китептери жетишсиз

Баткендин Зардалы айылындагы балталгыч мектептин окуучуларына ысык тамак берилбейт, китептери жетишсиз. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Айылда жалгыз башталгыч мектеп бар. Ал 1997-жылдан бери иштейт. Учурда ал жакта 7 бала окуйт, 2 мугалим эмгектенет. Бир мугалим балдарды 1ден 4-класска чейин бардык сабактар боюнча окутат. Китептер да жетишсиз. Ар бир сабактан бирден гана китеп бар. Китеп жоктугунан балдар өз алдынча сабак жаза да, үй тапшырмасын аткара да албайт.

Ошондой эле Зардалыда башталгыч класста окуган балдарга ысык тамак берилбейт. Анын ордуна окуучулар үчүн бир айга 1 коробка печенье жана 1 коробка вафли гана берилет.

Учурда айылдагы мектеп бир нече убактан бери директору жок иштеп жатат. Мындан улам Зардалынын эли Билим берүү жана илим министрлигине аталган айылга директорду сынагы жок эле түз дайындап берүү маселесин кароону суранууда.

Айылда уюлдук байланыш да жок. Буга чейин, 2022-жылы  «Кыргыз интернет» фонду мектепке WiFi роутерин орнотуп берген. Тургундар мектептеги Wi-Fi аркылуу интернеттен өлкө жаңылыктарынан кабардар болуп турушкан. Бирок быйыл май айында жабдыктары иштен чыгып калган.

Жакында эле акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Зардалынын эли менен жолугуп келген. Ал мамлекеттик органдарды айыл тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>