Зергерлик өндүрүшкө колдоо: жабдуулар КНСтен бошотулуп, салык азайтылат

11.12.2025 | 12:53

Кыргызстанда зергердик өндүрүштү колдоо үчүн бир катар салыктык жеңилдиктер каралууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, зергердик өндүрүш үчүн керектелген жабдууларды, технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо КНСтен жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

Мындан тышкары, өз ыктыяры менен тармактагы бардык талаптарды аткарган субъектилерге пробаны өздөрүнүн талапка ылайык жабдуулары менен коюуга мүмкүнчүлүк берүү каралууда. Азыр импорттолгон бир зер буюмга пробанын баасы 34 сомду, ата мекендик өндүрүш үчүн 17 сомду түзөт.

Зергерлик тармактын өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында бирдиктүү салык ставкасы да 0,25% га чейин төмөндөтүлгөн. Ысабековдун маалыматы боюнча, Кыргызстан жыл сайын 20–25 тонна алтын өндүргөнү менен, жергиликтүү зергерлик өндүрүштү колдоо толук калыптана элек.

“Расмий эсеп боюнча 2025-жылы ата мекендик өндүрүүчүлөр 68 миң зергер буюмун (140 кг алтын) чыгарса, импорттун көлөмү 442 миң буюмга (1500 кг алтын) жеткен, бул 10 эсе көп. Ошондуктан ата-мекендик өндүрүштү коргоо жана өнүктүрүү үчүн жаңы чаралар кабыл алынып, бирдиктүү салык ставкасы 0,25% га чейин төмөндөтүлдү”, — деди төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков.

Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров зергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүүгө багытталган «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Министрлер кабинетине бир айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке тиешелүү мыйзам долбоорун киргизүү тапшырылган.


Scroll to Top