Жаңы жылдык майрамдарга карата Кыргызстанда 10 миң милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Жаңы жылдык майрамдарга карата Кыргызстанда 10 миң милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Жаңы жылдык майрамдарга карата Кыргызстанда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция кызматкерлери мындай тартипте 1-январга чейин иштешет.

Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери тартипти сактоо иштерине тартылат. Ал эми Бишкекте 2 миң милиционер нөөмөттө болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>