Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Жактоочу Нурбек Токтакунов беш күнгө камакка алынды
24.03.2022 | 17:25
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жактоочу Нурбек Токтакуновдун үстүнөн соттук отурум аяктады. Токтакунов судьяларды кемсинткени үчүн беш суткага камакка алынды. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиргенин “24.kg” жазды.
Белгилей кетсек, Токтакунов өлкөнүн бардык судьяларын мазактоо менен айтылган майда бейбаштык боюнча айыпталууда. Ал “коомдук жерде уят сөздөрдү айтуу (анын ичинде сөгүнүү)” беренеси боюнча айыпталды.
Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында өткөн митингде Нурбек Токтакунов дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими Конституцияга каршы келерин билдирген. Ал ошондой эле Кыргызстандын судьялары тууралуу эмоционалдуу сүйлөп, аларды «эч ким эмес» деп атаган.