Жалал-Абад “Манас” деп өзгөрөт. Феликс Кулов Жогорку Кеңешти ошол жака көчүрүүнү сунуштады

Бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин комитети Жалал-Абад шаарынын аталышын “Манас” деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды. Бул демилге коомчулукта талкуу жаратып, ар тараптуу пикирлер айтылууда.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен катар, Кыргызстандын мурдагы вице-президенти Феликс Кулов бул маселеге байланыштуу социалдык тармактардагы билдирүүсү аркылуу жаңы сунуш киргизди. Ал “Манас” деп өзгөртүлгөн шаарга административдик борбор макамын ыйгарып, Жогорку Кеңешти ошол жакка көчүрүү зарылдыгын белгиледи.
“Нидерландда борбор шаар Амстердам болгону менен өкмөт, парламент жана падышанын резиденциясы Гаагада жайгашкан. Биз дагы ушундай системага өтсөк болот”, — деп жазды Кулов.
Анын айтымында, эгер парламент көчсө, айрым министрликтерди, ошондой эле ири мамлекеттик компанияларды да жаңы шаарга жайгаштыруу логикалуу кадам болмокчу. Кулов мындай чечим аймактар аралык тең салмактуулукту камсыз кылууга жана региондордун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ал эми шаар аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам күчүнө кирсе, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ири шаарга улуттук баатырдын ысымы берилмекчи.