РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Нарын шаарындагы жол куруу ишин «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы колго алды
09.09.2025 | 15:04

Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүндөгү жол куруу иштерин Транспорт министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады.
Маалыматка ылайык, жерине жол оңдоо иштерине жалпы 87 техника жана 72 кызматкер тартылган.
“Учурда Шералиев көчөсүндө жол курулуш иштери улантылууда. Учурда тротуар салуудагы мурдагы кемчиликтер толук жоюлуп жатат. Ал эми Ленин көчөсүнө асфальт төшөө иштери кызуу журүүдө”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом