Жалал-Абад милициясы эне тил күнүн белгиледи

Жалал-Абад милициясы эне тил күнүн белгиледи

Жалал-Абад облустук милициясы эне тил күнүн белгиледи. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнү катары белгиленип келет. Бул датага байланыштуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан эне тилди өркүндөтүү боюнча семинарлар уюштурулду. Анда бир улуттун тили маанилүү экендиктери айтылып, улуттар аралык ынтымак мындан ары да бекемделиши керектиги белгиленди.

Мындай иш-чаралар облустун бир катар шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө өткөрүлүп, эне тилдин кадыр-баркын арттыруу багытында талкуулар жүргүзүлдү. Жыйындарда ар бир улуттун эне тили ошол элдин баа жеткис байлыгы, урпактарга калтыруучу кайталангыс мурасы экендиги белгиленди.

Мындан сырткары жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуп, ар улуттун тилинде көркөм чыгармалар окулду. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү эне тилди жана мекенди сүйүүгө чакырышып, мыкты билим алууга үндөштү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>