Жалал-Абад милициясы карантин учурунда кызмат өтөгөндөргө медаль тапшырды — сүрөт

Жалал-Абад милициясы карантин учурунда кызмат өтөгөндөргө медаль тапшырды — сүрөт

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда “Өзгөчө абал” учурунда кызматтарын үлгүлүү өтөгөн кызматкерлерге түрдүү сыйлыктар тапшырылган.   

“Бүгүн, 15-июнда COVID-19 илдетине байланыштуу саптык кароо өткөрүлүп, кызматкерлердин медициналык жана күнүмдүк керектелүүчү каражаттары текшерилди.

“Өзгөчө абал учурунда кызматтык милдеттерин так, жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн бир катар кызматкерлер КРнын ИИМдин “Ардак”, “Датка айым”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдары менен сыйланды.

Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды”, — деп айтылат маалыматта.
[su_image_carousel source=»media: 31518,31519,31520,31521,31522,31523″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>