Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Жалал-Абад шаарында электромобилдер такси кызматын көрсөтө баштады
27.08.2025 | 11:21

Жалал-Абад мэриясынын колдоосу менен экотакси кызматы иштей баштады.
Долбоордун алкагында, 30 электр унаасы сатып алынып, 10 электр кубаттагыч жабдуусу орнотулду.
Белгиленгендей, кубаттоочу жайлар үчүн мэрия муниципалдык жер тилке бөлүп берген.
Ачылыш аземине шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, мындай демилгелер экологиялык маселелерди чечүүгө жана шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталганын белгиледи.
Экотакси кызматынын ишке кириши менен шаар тургундары таза аба жана үнөмдүү транспорттук кызмат алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Рубрики: Жаңылыктар