Путин менен Пезешкиан Бишкекте Ирандын АКШ менен болгон «морт тынчтыгын» талкуулашты2-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтСооданын өсүшү жана КММ жеткирүү: Жапаров менен Путин Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүАтом жана санарип: Путин менен Пашинян ШКУ саммитинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүЧолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу
Жалал-Абад шаарында электромобилдер такси кызматын көрсөтө баштады
27.08.2025 | 11:21

Жалал-Абад мэриясынын колдоосу менен экотакси кызматы иштей баштады.
Долбоордун алкагында, 30 электр унаасы сатып алынып, 10 электр кубаттагыч жабдуусу орнотулду.
Белгиленгендей, кубаттоочу жайлар үчүн мэрия муниципалдык жер тилке бөлүп берген.
Ачылыш аземине шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, мындай демилгелер экологиялык маселелерди чечүүгө жана шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталганын белгиледи.
Экотакси кызматынын ишке кириши менен шаар тургундары таза аба жана үнөмдүү транспорттук кызмат алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Рубрики: Жаңылыктар