Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жеке ишкерлер тарабынан 270 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты даярдалган.
Бүгүн, 6-март күнү аталган төрөт үйүнө капсула салуу аземи орун болду. Ага КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик, эл катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз