Аскерде 1 жыл кызмат өтөгөндөрдү кошумча 2 айга калтыруу сунушталды

Аскерде 1 жыл кызмат өтөгөндөрдү кошумча 2 айга калтыруу сунушталды

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргызстандын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карап, кабыл алды.

Жыйында баяндама жасаган коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун айтымында, алар эки беренеге өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда.

Биринчиси боюнча, жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган жарандардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу сунушталууда.

Ал эми, экинчиси боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жыл кызмат өтөгөн жоокерлерди кошумча эки айга кызмат өтөөгө калтырууга укук берүү сунушталып жатат. Ага аскерге жаңы чакырылган жоокерлер тиешелүү даярдыгы жок туруп, кээ бир кызмат-тапшырмаларды аткарууга тартылган учурлар болуп жатканы себеп.

Учурда Кыргызстанда милдеттүү аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жылды түзөт.

Аскердик кызматтын мөөнөтүн 14 айга чейин узартуу сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>