Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Жалал-Абадда “Бандит” уюшкан кылмыштуу топко карата иш-чарасы өткөрүлдү
15.08.2025 | 16:44

Облус аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттерин алдын алуу максатында УКМК, ОИИБ жана ИИМдин атайын багыттагы бөлүктөрү “Бандит” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Жыйынтыгында уюшкан кылмыштуу топтордун каттоосунда турган 47 мүчө аныкталып, 13 жаран милицияга жеткирилип, манжа издери алынды жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Сузак районунун 2003-жылы туулган эки тургуну уюшкан топко катышкан деген шек менен кармалып, КЖКнын 261-беренеси боюнча камакка алынды. Каттоодогу 13 жаран кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясынан баш тартып, мыйзамды сактоого милдеттенме алышты.
Рубрики: Жаңылыктар