Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бензин жана битум чыгарган завод курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкана чет элдик инвесторлор тарабынан курулууда.
«Долбоорго Барпы айыл өкмөтүнөн 2 гектар жер бөлүнгөн. Ишкана АИ-92 жана АИ-95 бензиндерин чыгарып, битум чыгарат», — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, бул ишкана 2023-жылдын аягына чейин ишке кирери күтүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз