Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон Айнуска изделүүдө

09.10.2023 | 12:52

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 2005-жылы туулган Айнуска Саматова изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айнуска Саматова 29-сентябрда Жон айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Айнуска Саматованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, ак жуумал, кашы-көзү кара, чачы кара, кыска, арык чырай

Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү жемпир, жинсы шым, бутунда жашыл түстөгү кроссовка болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Айнуска Саматованы көргөндөр же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо “102”, (03736) 5 02 61,   0995 88 02 00 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top