Түрмөлөрдөгү “уурулардын казынасы” жоюлат

Түрмөлөрдөгү “уурулардын казынасы” жоюлат

УКМК түрмөлөрдө уюшкан кылмыштуу топтун казынасына акча топтоону көзөмөлгө алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кызматы Камчы Асанбектин (Көлбаевдин) уюшкан кылмыштуу тобунун мыйзамсыз киреше булагынын бири — бул түрмөлөрдөн акча топтоо экенин белгилейт.

«Жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден “уурулардын казынасын” толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылынган. Эми мындай көрүнүш жок болуп, ар бир фактыга катуу чара көрүлөт», — деп эскертет мекеме.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда кримчөйрөнүн адамдарына мыйзамсыз иштерин токтотуу боюнча бир нече жолу эскертүү берилгенин, эми кылмыштуу топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазалана турганын билдирген.

Көп өтпөй Кыргызстандагы кримчөйрөгө тиешеси бар адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тарта турганын, мыйзам боюнча жашай турганын айтып чыгышкан.

Ташиев криминалга «салык» төлөгөндөр да жоопко тартыларын эскертти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>