«Көпчүлүк унаасынан ажырайт»: Дастан Бекешев мопеддерге байланышкан көйгөй тууралууКыргызстанда 1,3 млн тонна дан жыйналды — былтыркыга караганда дээрлик 50%га көпКРда уюлдук телефондор менен түз спутниктик байланышка тыюу салуу каралууда — долбоорКант шаарынын башчысы Улан Майлибашев акимдер менен мэрлер арасында автоматтан ок атуу боюнча мыкты аталдыБишкекте уй эти 680 сомдон сатылууда — даректериКыргызстанда экопродукцияларды жалган маркировкалагандар үчүн айып пул салынат — мыйзам долбоору
Бишкекте 18 жаштагы жигит тоноого шектелип кармалды
09.10.2023 | 13:09
Бишкекте тоноого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30-сентябрда милицияга К.Т. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 09:00до Жал кичирайонундагы компьютердик клубдардын биринде белгисиз жаран күч колдонуп, Redmi телефонун жана 3,5 миң сом акчасын тартып алганын билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 18 жаштагы К.Н. аттуу жаш жигит кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз