Өкмөт башчы Ысык-Көл облусундагы ооруканалардын абалы менен таанышты«Кумтөрдүн» таза пайдасы 706 млн долларды түздүКыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШда экономикалык өсүш ыргагы боюнча лидер болдуМурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдө
“Экстремист” операциясы. Жалал-Абаддын тургуну кармалды
24.05.2023 | 11:13
Жалал-Абад шаарында диний экстремисттик уюмдун материалдарын сактап, таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-апрелде милицияга М.М аттуу жаран интернет тармагында М.А аккаунту аркылуу тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин материалдарын сактап, таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милициядан билдиришкендей, 22-27-майда ѳткѳрүлүп жаткан “Экстремист” операциясынын алкагында шектүү катары 29 жаштагы М.М. аттуу шаар тургуну кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом