Баткенде жабыркаган ишкерлердин 15 млн сом насыясы жоюлат

Баткенде жабыркаган ишкерлердин 15 млн сом насыясы жоюлат

Бүгүн, 24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов белгилегендей, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык мурда бөлүнгөн 15 млн сом бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>