Садыр Жапаров Москвага учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Садыр Жапаров Москвага учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында бүгүн мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртең, 25-майда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

Адылбек Касымалиев — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

Муратбек Азымбакиев — Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Самат Гуьлнара-Клара — Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Аяз Баетов — юстиция министри;

Асеин Исаев — тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

Самат Кулмамбетов — Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы;

Назарбек Малаев — экономика жана коммерция министринин орун басары.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>