Жалал-Абад облусунда кум-шагыл жана бетон чыгаруучу завод ачылды. Заводдон чыккан материалдар Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулуш иштерине колдонулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев, ЖКнын депутаты Кундузбек Сулайманов, Токтогул районунун акими А.Түкебаев, тийиштүү жетекчилер жана энергетиктер катышкан.
Аталган завод “Нарын ГЭС” ААКы менен келишимдин негизинде «Астория Групп» компаниясы тарабынан курулган.
Энергетика министри мындан тышкары Камбар-Ата-1 ГЭСине барып, курулуп жаткан көпүрө, жол, тоннелди бетондоо иштери менен жеринде таанышкан. Ошондой эле көпүрөнү куруп жаткан кытайлык подрядчылар менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруу этабы, көпүрөнүн сапаты, алдыдагы пландар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.