Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Жалал-Абадда МАИ кызматкерлери мектепке материалдык колдоо көрсөтүштү
26.05.2021 | 09:59
Жалал-Абад облусунда жол кыймылын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр көмөкчү мектебине материалдык колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу ЖКККББ облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, 1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата, Ноокен районунун Шайдан айылында жайгашкан Ж.Ниязов атындагы көмөкчү мектебине бөлүмдүн атынан материалдык колдоо көрсөттү.
Бул мектепте кол эмгек сабагына көбүрөөк көңүл бурулгандыктан, кызматкерлер балдардын колунан жасалган ар түрлүү буюмдар, окууда жана спортто жетишкен ийгиликтери менен таанышкан. Ошондой эле мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр менен маек курушуп, аларга өздөрүнүн жылуу каалоо-тилектерин айтып кайтышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом