Жалал-Абадда милиция кылмыштуулукту алдын алуу үчүн эл менен тыгыз иштешүүдө – сүрөт

Жалал-Абадда милиция кылмыштуулукту алдын алуу үчүн эл менен тыгыз иштешүүдө – сүрөт

Жалал-Абадда кылмыштуулукту алдын алуу багытында милиция тынымсыз иш жүргүзүүдө.  Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция тарабынан профилактикалык жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Анын алкагында Ноокен РИИБи тарабынан Масы айыл аймагында укук бузууларды болтурбоо багытында бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Анда жергиликтүү тургундардын паспорттук эрежелери текшерилип, жашагандыгы боюнча тактоо иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери Абдураимов айылындагы мектеп окуучулары менен жолугушуп, жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы эскертилип, татыктуу билим алуу зарылдыгы жеткирилген.

Ала-Бука РИИБи тарабынан район аймагында кароосуз калгандарды аныктоо боюнча ыкчам алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары  жашы жете элек өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылган.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу багытындагы жумуштар Чаткал РИИБи тарабынан да социалдык адистер менен биргеликте жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышып, аларга туура багыт көрсөтүшкөн.

Ал эми Аксы районунда Нооруз майрамына карата «Кыз-жигит»  конкурсу өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө РИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>