Жалал-Абадда милиция кызматкерлери тарабынан 7 кг баңгизат алынды

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери тарабынан 7 кг баңгизат алынды

Бир нече күндүн ичинде Жалал-Абад облусунан 6 килограммдан ашуун баңгизат менен ок-дарылар алынды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Транзит” атайын операциясынын натыйжасында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган. Кара-Көл шаарынан аталган кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, андан кендир жыты бар 48 даана таңгакталган зат табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 465 грамм гашиш алынган.

18-февралда Кара-Көл шаарында тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мамлекетик бажы кызматынын ыкчам кызматтык итин пайдалануу менен 1987-жылы туулган О.Б. аттуу жарандын сарайынан 88 граммды түзгөн «гашиш» жана «марихуана» баңги каражаттары табылып алынган. Андан башка жыйырмадай сайсыз ок атуучу куралдын ок-дарылары табылган.

Ал эми 19-февралында тинтүү иш-чараларын улантылып, натыйжада каракуурай өзгөчө жытына ээ зат табылып алынган. Алынган “марихуана” баңгизатынын салмагы 6 килограмм 223 граммды түзгөн. Тинтүү иш-чарасы баңгизаттарды сатуучу С.Р. аттуу жарандын жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн, ал азыркы учурда Ош шаарындагы ЖАМКнын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатканы айтылат.

Маалыматка таянсак, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограмм 771 граммды түзгөн. Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>